www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы «Кут Билим» мектеп-интернатында балдардын ууланышына байланыштуу мекеменин төрт жооптуу кызматкерине айыппул салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Аламүдүн райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу ооруларды алдын алуу мамлекеттик борборунун санитардык-гигиеналык изилдөөсүндө бир катар санитардык эрежелерди бузуу фактылары аныкталган. Ага ылайык, мектеп директоруна 23 000 сом, азык-түлүк алуучу чарба кызматкерине 7500 сом, медициналык кызматкерге 7500 сом, башкы ашпозчуга 7500 сом айыппул салынды.

Аталган мектептин 23 окуучусу 9-декабрга караган түнү тамакка ууланып №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Кийин тамактан жалпы 25 адам ууланганы, анын 24 окуучулар, бирөө чоң киши экени такталган.

Алардан саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабар алып, абалын көргөн. Бейшеналиевдин айтымында, балдардын алтоо реанимацияга түшкөн. Баарынын ашказандары тазалангандан кийин абалы жакшы. Учурда алардын саламаттыгы канааттандырарлык деп бааланууда. Жабырлануучулар үйлөрүнө чыгарылган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, уулануунун себептери лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин такталат. Баштапкы маалыматтарга ылайык, балдар мектепте жасалган айрандан же гречкадан жасалган тамакка ууланышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости