www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 2 балдар ооруканасы ачылат. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» телеканалынын эфиринде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, ооруканалардын бири 7-кичи райондо ачылат жана «№7 балдар ооруканасы» деп аталат. Ал учурда донорлордун жардамы менен курулууда. Аны 10 айда куруп бүтүрүүнү убада кылышкан.

«Экинчи оорукана Республикалык дарт аныктоо ооруканасында ачылат. Ал көп профилдүү оорукана болот. Ал жакта азыр сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган балдарды кабыл алып жатышат. Борбор калаанын калкынын саны 1,5 млн адамдан ашат жана албетте, ооруканалар жетишсиз», - деди Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости