www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан бийлиги кыргыз-тажик чек арасында массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелип, Орусияда кармалган жаранды коргоп чыкты.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашууда.

Буга чейин Кыргызстандын өтүнүчү менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара району менен Кыргызстандын Баткен облусунун ортосундагы такталбаган чек ара аймагында массалык баш аламандыктарды жана бейбаштык кадамдарды уюштурууга тиешеси бар деп шектелген 52 жаштагы Диловар Джураев Орусиянын Новосибирск шаарында кармалган.

Мындан улам Тажикстандын Башкы прокуратурасы ушул жылдын 12-ноябрында Орусиянын Башкы прокуратурасына кыргыз тараптын өтүнүчүн четке кагуу жана Жураевди бошотуу өтүнүчү менен кат жолдоду. Азырынча Орусия катка реакция кыла элек.

Кыргыз-тажик чек арасы толук тактала электигине байланыштуу жыл сайын ар кандай деңгээлде тирештер болуп келет. Акыркысы ушул жылдын апрель айынын аягында кандуу окуя катталып, андан кыргыз тараптан 189 киши жаракат алып, 36сы каза тапкан. Ал эми тажик тараптан 19 адам набыт болуп, 87и жаракат алганы айтылып келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркаганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости