www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирус мурда ооруп айыккандардан да кайрадан табылып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн карантин киргизүү тууралуу ниети жок. Вирустун алдын алуу үчүн эмдөө иштери уланууда.

«Кызыл зонада оор абалда жаткан бейтаптар менен жолугуп, сурасам алар «былтыр ооруганбыз, эми оорубайбыз деп ойлогонбуз» дешти. Быйыл катуу ооруп жатышат. Каза болгондор да күндөн-күнгө өсүп жатат. Былтыркыдай карантин киргизе албайбыз. Аны экономика көтөрө албайт. Азыр эмдөө жүрүп жатат», - деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, пандемия башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда коронавирус 91 миңден ашуун адамга жукту. 1559 киши каза болду.

Эске салсак, өткөн аптада президент Садыр Жапаровдун, андан кийин министр Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирусту дарылоодо уу коргошун колдонулуп жатканы тууралуу билдирүүсү коомдо кызуу талкуу жаратты.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости