www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр депутат менен өзүнчө жолугуп уу коргошун тууралуу айтып берүүнү убадалады.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун тууралуу сураган депутат Шаирбек Ташиевге жооп бербей койду.

"Былтыр уу коргошун кайнатып ичип жаттыңыз эле, пайдасы бар бекен?" — деп кызыкты Ташиев.

Министр бул суроону уккандан кийин күлүп жиберди.

"Мен былтыркы депутаттар жана журналисттердин сөзүнөн кийин уу коргошун жөнүндө айтпай эле коёюн дегем. Мен сизге өзүнчө жолукканда айтып берейинчи", — деди Бейшеналиев.

Ташиев буга макул болуп, вакцина тууралуу айтып жаткандан кийин ал маселе эмне болгонун билүүгө кызыкканын ырастады.

Андан соң депутат Орозайым Нарматова дагы: "Мурда айтканыңыздай, уу коргошундун рецебин сатып жатасыздарбы?" — деп сурады эле ага да өзүнчө жолугуп жооп берүүнү убадалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости