www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 19-январдагы жыйында, санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин карап, жыйынтыгында колдоо тапты. Анын жүрүшүндө депутат Жеңишбек Токторбаев («Ата Журт - Кыргызстан») талапкерге байланыштуу кылмыш иши тууралуу айтты.
Депутат: - Урматтуу Талант Орозкулович, ГКНБда (УКМК) сизге ЕРППдан (Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү тизмеси) угловный иш козголуп, токтотулган экен. Эмне болгон уголовный иш болчу? Айтып койсоңуз…
Т.Иманов: - …
Депутат: - ГКНБдан иш козголуп, кыскартылган экен, эмне болгон иш болчу?
Т.Иманов: - Мага лично козголгонбу? … Сурооңузду түшүнө албай жатам...
Депутат: - Сизге уголовное дело козголуп, бир ай камакта жаткан экенсиз. Эмне иш боюнча эметтиңиз эле? Уголовный иш козголуп, андан кийин кыскартылыптыр. Эмне болгон уголовный иш болчу?
Т.Иманов: - Мен жаткан эмесмин…
Депутат: - Мына, турбайбы...
Т.Иманов: - Каякта жазылып турат?
Депутат: - ГКНБ ЕРППда «уголовное дело прекращено» деп турат.
Т.Иманов: - Муну билбейт экенмин, анда…
Суроо ачык калып, сөз кезектеги кийинки депутатка өттү.
Булак: NazarNews.kg