www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматынын башчысы Кубанычбеков эки айга камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-мартка чейин Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди райондук сот 19-январда чыгарды.

Атайын кызмат Адилет Кубанычбековду коррупцияга аралашкан деп айыптап, 17-январда кармаган. УКМКнын маалыматына ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарт түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу түрдө алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган.

Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон .Кубанычбеков бул кызматка былтыр октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу. Адилет Кубанычбековдун тарапташтары ал күнөөсүз экенин айтып, аны үй камагына бошотуу талабын коюуда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости