www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгерлер Медициналык академиянын жана Билим берүү министрлигинин илимий кеңешинин мүчөлөрүнөн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди илимий даражаларынан ажыратууну талап кылышууда. Бул тууралуу аталган сунуштун демилгечиси Айсулуу Атаканова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Акыркы окуяларга байланыштуу тергөө жүргүзүп, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий даражаларын жокко чыгарууну суранам!

Ал илимий чөйрөнү, жүздөгөн профессорлордун жана миңдеген илимдин кандидаттарынын беделин түшүрдү. Кыргыз өлкөсүндө эгер окумуштуулар мындай кадам жасап жатса, диссертациялар менен илимий наамдар бир тыйынга деле арзыбайт. Министр учурдагы мыйзамдарды гана бузбастан медицинанын негизги мыйзамдарын жана мүмкүн болгон илимий жана этикалык нормаларды да бузган.

Кыргыз өлкөсүндө илимий жана академиялык чөйрө көз карандысыз, адилеттүү жана заманбап бойдон калууга тийиш. Илимий чөйрө бийликке баш ийбеши керек. Учурда укук коргоо органдары тарабынан адилеттүүлүккө ишенүүгө болбойт.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн атынан мындай өзүм билемдикке жол бербөөнү суранам! Мындай жагдай кайра уланышы мүмкүн. Ар бир илимдин кандидаты адамдарга жаңы ууларды же дары-дармектерди колдонуп көрүүнү үйрөнүшөт", - деген Айсулуу Атаканова.

 

Белгилей кетсек, аталган демилгени далилдүү медицина жаатындагы белгилүү эксперт Бермет Барыктабасова да колдоду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости