www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп өттү. Жыйынды алып барып жаткан төраганын орун басары Аида Касымалиева 62 депутат каттоодон өткөнүн маалымдады. Муну менен катар төраганын орун басары кесиптештерине кайрылып, бүгүнкү жыйын өтө маанилүү экенин айтты.

Алгач депутаттар Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү тууралуу Президенттин Жарлыгын бекитүү маселесин карап, бир добуштан колдошту.  Андан соң парламенттин кезексиз жыйынында Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп Исаев Канатбек Кедейканович шайланды.  Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 78 депутат макул, 2 депутат талапкерге каршы болгон.

Жаңы Төрага Канатбек Исаев жыйында сөз сүйлөп, кыска убакытка шайланып жатканына карабай, жоопкерчилиги чоң экенин белгилеп: "Парламент өткөн-кеткен окуялардан сабак алып, эмне себептен бул окуялар чыкканына карап, мыйзамдарды өзгөртүүгө жетишебиз. Бирдиктүү саясат жүргүзүп, баарыңарга адилет калыс мамиле кылам деп сөз берем. Башкысы мамлекетте туруктуулук орнотуубуз зарыл”, -деди

Баса, жыйындын соңунда депутаттар сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин Төрагасына калоо тилектерин айтышты. Алардын катарында 6-октябрдан бери Ала тоо аянтында элди ызы-чууга чакырган депутаттар чыгып сөз сүйлөштү. 6-октябрдан бери аянтта алып баруучулук милдетти аткарган депутат Мирлан Жээнчороев, “5-октябрда тынч митингге чыккан элдердин укугун коргошуңар керек” деп ырдады.

Эске сала кетсек, депутат Мирлан Жээнчороев аянтта, “Украинадагыдай кылабыз, депутаттарды баарын бирден үйүнөн сууруп чыгабыз”, деп “сайраган” эле. Кызыгы, Жээнчороев кесиптештерин Украинадан издебей эле жанында турса деле айтор, унчуга албады окшойт. Эркек эмеспи, аянттагы айткан сөзүнөн кайтпай жок дегенде кесиптештерин "сүзүп, сүзүп" койсо, ой Мирлан мырза, азамат экен деп коймокпуз...

Булак:NazarNews.kg

Последние новости