www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-6-октябрдагы Кыргызстан үчүн оор кырдаал учурунда коңшу Казакстан биринчилерден болуп пикирин айтып, бардык саясий күчтөрдү мыйзам талаасына кайтууга чакырган.

Кыргызстан акырындык менен мыйзам талаасына кайтып келе жатканын кубануу менен кабыл алуудамын. Мындай билдирүүсүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Twitter баракчасына жазды.

​“Бир тууган Кыргызстандын конституциялык талаага кайтканын кубануу менен кабыл алдым. Биз бул нерсеге тиреш башталганда эле бардык саясий күчтөрдү чакырган элек. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын легитимдүү президенти. Анын өлкөдөгү абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттерин колдойм. Кыргызстандагы туруктуулук стратегиялык өнөктөш катары Казакстан үчүн өтө маанилүү”, — деп жазды Токаев.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы Кыргызстанда жаралган оор кырдаалда коңшу Казакстан биринчилерден болуп пикирин айтып, бардык саясий күчтөрдү мыйзам талаасына кайтууга чакырган.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости