www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсиӊиздерде чыгаар, жакында Нарындагы Борбор Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштар тобунун чыры коомчулукка тарап, бир топ уу-дуу болбодубу. «Чатак каяктан чыкты, Атаӊдын башынан чыкты» — дегендей эле оюндан от чыккан бул окуя өткөн айдын соңунда баскетбол оюнунан башталган.
Анда Борбор Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү балдар оюн жүрүшүндө чырлаша кеткен. «Конок студенттер» жергиликтүү жаштарды ызалап койгонбу, 8-июнда 100гө чукул жаштар чогулуп, университетке барышкан да чырга катышкан чет өлкөлүк студенттердин кечирим сурашын талап кылышкан. Чыр дагы ырбап, жыйынтыгында Борбор Азия университетинин окутуучусу чогулгандардан чөгөлөп кечирим суроого аргасыз болгон.
Дал ушул окуя коомчулуктун талкуусуна түшүп, нарындык жаштардын аракеттери катуу сынга кабылды. Коомчулуктун мындай реакциясынан кийин Ички иштер министрлиги «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп да жиберди. Аӊгыча аталган чырга катышкан жергиликтүү жаштар окуу жайдын окутуучуларынан жана студенттеринен кечирим сурап, бир пикирге келгенин Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов айтып чыкты.
Ооба, окуя орун алып кетти. Бирок, ошондой оор кырдаалды, болгондо да агрессивдешкен коомдун тилин таап, эки тарапты теӊ ийге келтирген Аманбай мырза экенин, анын кырдаалды жөнгө салууда салымы чоӊ болгонун айтпай койсок акыйкат болбос. Кайыповдун мындай дипломаттык сапатын мамлекет пайдаланышы керек го.
Арийне, Аманбай мырза азырынча Нарынга абдан татыктуу жетекчи десек болот.
Эмне үчүн жогорулап, бир облус эмес, жалпы өлкөдөгү олуттуу маселелерди чечсе жарашпасын?
Булак: "de-facto.kg"