www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос 20-июлда космоско учат. Бул тууралуу миллиардер Instagram баракчасына жарыялады. Безос жана иниси Марк менен бирге өзү түзгөн Blue Origin компаниясы курган New Shepard ракетасы менен уча турган болууда.

«Мен космоско учууну каалачумун, бул жөнүндө өмүр бою кыялдангам», - деди бизнесмен.

Blue Origin компаниясы учурда аукцион уюштуруп, бир тууган Безостор менен бирге космоско учкусу келген адамды аныктоодо. Бул аукционго 140тан ашык өлкөдөн алты миңдей киши катышууда.

New Shepard кемеси америкалык астронавт Алан Шепарттын урматына коюлган. 20-июлда бул кемеде алты кишиден турган экипаж болот.

Белгилей кетсек, Джефф Безос Amazon компаниясын 1994-жылы негиздеген. Быйыл 5-июлдан тарта жетекчилик кызматтан кетерин жарыялаган. Безос дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири. Bloomberg агенттиги анын байлыгы 187 миллиард доллар деп эсептеп чыккан. Ал эми Forbеs журналынын рейтингинде француз миллиардери Бернар Арнодон кийинки экинчи орунда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости