www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин демократия үчүн күрөшүүчүлөрүбүз жана батышчыл активисттер тууралуу билип коюучу нерсе!

Өзүн өлкөнүн мекенчили катары көрсөтүп жүргөн Улан Үсөйүн 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын апрелине чейин ар кандай жүрүштөрдү уюштургандыгы үчүн америкалык кураторлорунан үлкөн акчаларды алды. Ал уюштурган акцияга 20 дан 100 гө чейин киши катышса 5000 АКШ долларын алды, ал эми жүздөн жогору болсо 10 миң доллар алчу. Ага ишенген карапайым адамдар Үсөйүндүн эсебине 105 миң доллар иштеп берип коюшту. Бул цифраларды ойлоп көрсөңөр, бул дээрлик 9 миллион сом да!

Улан Үсөйүндү тегеректеген жаш балдар анын мекенчилдик сөздөрүнө ишенип жүрүшөт да. Байкуш балдар жөн гана Үсөйүнгө акча иштеп берип жатышкандарын кайдан билишсин.

Кымырган акчаларын ал чет өлкөдөгү өз эсебине которуп жиберет. Бул шылуун эч жерде иштеген эмес, алтургай ак эмгек кылайын деген ою да жок. Акчаны болсо митинг уюштуруп эле америкалыктардан алып жүрө берет.

Өзүн айылдын карапайым баласы кылып көрсөткөн бул шылуундун жадагалса жогорку билими да жок, Карасаев атындагы БГУ 3-курсунан айдалып кеткен. Окууга барбай, калтыра бергени үчүн тебилген. Эми болсо элге акыл үйрөтүп, мамлекетти кантип башкаруудан кеп урат.

Анын бар максаты эле акчаны көбүрөөк топтоп алып, саясийй куугунтукка кабылдым деп АКШ өлкөсүнөн «гринкарт» алуу. Ал эми чет өлкөгө болсо өлбөгүдөй дүйнө жыйнап алды тигиндей жол менен. Ал бекер акчага Lexus RX(1016000 сом), айфон 12-моделин(120000 сом) скатып алган, кыскасы өзүнөн эчтекени аябайт. Кымбат ресторандарда нанүштө кылат. Ал эми бул биз айткан нерселерибиз Үсөйүндүн айсбергдей байлыгынын учу гана.

Эриксизден ал акчаны кайдан табат деген бир суроо туулат. Жалаң эле митинг уюштуруп, эч жерде иштебесе. Жаш балдардын башын айлантып, өлкө тагдырына калп күйгөн болуп жүрсө, акча кайдан келди буга?

Дагы бир эскерте кетүүчү нерсе, Улан Үсөйүн гейлердин жактоочусу жана ЛГБТ коомунун мүчөлөрүн колдойт.

Бул сабатсыз шылуун кантип Батыштагы ошондой коомдун каржылоочуларынын көзүнө илинип калган? Көрсө мунун артында тактеке ойнотуп, буга эмне кылышты айтып турган Султаналиева Чынара деген бар экен. Ошол демөөрчүлөрдөн акча алып берет.

Эң кызыгы активист Тилекмат Куренов камакка алынган соң Чынара Грузияга учуп кетип, ал жактан троллдордун армиясын башкара баштайт. Алар америкалык нускоочулары аркылуу ар кандац чагымчыл материалдарды чыгарат. А алардын бул материалдары Кыргызстандын элинин башын айлантат.

Ар кандай жүрүштөрдү кылдырып бүткөн соң, америкалык кураторлору Улан Үсөйүнгө систематикалык митингге шылтоо табууну тапшырышкан, жана жаңы суммадага акчаларды сунушташкан.

Улан Үсөйүн өзүн «кыргыз Навальныйы» деп атайт. Азыр ошол Навальный кайда? Бул Навальныйды ордуна коюучу мезгил.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости