www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев алыска чуркаганга шымалана киришиптир. Бирок... кожоюну менен тымызын сүйлөшүп, келечекте Акылбек Жапаровдун ордун алууга шерттешкени ыраспы?
Бул жагынан күбүр-шыбыр кеп кетти. Коомчулукка ачыкталбаганы менен ички интригалар козуп, өкмөттүн абалы анча суктанарлык эмес окшойт. Амбициялуу Бакыт Төрөбаев вице-премьер-министр катары орун-очок алып, баш-аягын жыйыштырып алса, анан «өз бала» катары «эки тизгин бир чылбырга» озунары ажеп эмес.
Ашып кетсе жарым жыл убакыт кетеби? Ал эми Акылбек Жапаровдун дымактуу баштаган иштери эмне болот? Акыл калчап иш кылыш керек го...
Булак: Азия News гезити