www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан пайда болгон ковиддин алдын алуу үчүн дүйнөдө биринчи болуп мурунга тамчылаткан вакцинаны каттады. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирүү таратканын РИА Новости жазды.

"Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы коронавирустук инфекциянын алдын алуу үчүн Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борбору иштеп чыккан Гам-КОВИД-Вак ("Спутник V") деп аталган мурунга тамчылатма вакцинаны чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Маалымат кызматы - ал вакцина "Спутник V" сыяктуу эле эки компоненттен тураарын жана атайын чачыраткыч аркылуу аралыгы үч жумалык мөөнөттө мурун көңдөйүнө чачылаарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости