www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менне Ирандын эки тараптуу жолугушуусу Пакистанда 11-апрелге пландалды. Сүйлөшүүдө Америка Ирандан өзөктүк куралдан баш тартышын, өзөктүк материалдарды тапшырып берүүнү талап кылары маалым болду.
Бул туурасында Иран боюнча Пакистанда өтчү сүйлөшүүдө америкалык делегацияны жетектеп бара турган Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости жазды.
"Президент эмне деди: Ирандын өзөктүк курал жасаганын каалабайбыз. Уранын бизге өткөрүп бериши керек. Муну сүйлөшүүлөрдө да талап кылабыз", - деген Вэнс.
Ал Ирандын өзөктүк куралдардан баш тартышы АКШнын аларга карата санкцияларын жумшартат деген оюн билдирген.
Ал, мындан сырткары, төмөнкүлөргө токтолду:
Ормуз кысыгы аркылуу кемелер эркин өтпөсө АКШ Иран менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбайт.