www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан 2026-жылдын 7-апрелинде терроризмге каршы операциялардын жүрүшүндө 1984-жылы Ош облусунда туулган, Кыргыз Республикасынын жараны А.Ф.Г., Сирия Араб Республикасынын аймагындагы согуш аракеттерине катышуу үчүн чыгып кетүү фактысы боюнча кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган жаран 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан издөөдө жүргөн, Ош облусунда 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны И.Б.Н.нын азгыруу таасирине кабылып, Түркия Республикасы аркылуу Сирияга барып, "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун катарына кошулганы аныкталган.

Сурак учурунда кармалган жаран күнөөсүн моюнуна алып, көрсөтүлгөн адамды тааныганын билдирди, ошондой эле аталган террористтик уюмдун катарында көпкө болбой, анын ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн түшүнгөндөн кийин Сириянын аймагынан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын маалымдады. КРга үй-бүлөсү үчүн кайтып келүү шылтоосу менен Түркияга кетип, андан соң мекенине кайтып келген.

Учурда УКМК иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Последние новости