www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаш баланын сөөгүн издөө улантылууда.
Бүгүн, 9-апрелде Аксы райондук №30 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 12 куткаруучу 1 кайык, КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 куткаруучу (суучулдар) 1 кайык, КР ИИМден 3 кызматкер, Чек ара кызматынан 10 адам, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 40 адам, 2 кайык тартылды.
Эске салсак, 2026-жылдын 5-апрелинде 2018-жылы туулган К.И. аттуу жаш бала Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн убакыттан бери издөө иши үзгүлтүксүз улантылууда.