www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары «Талибан» кыймылына кайрылуу жолдоду. Америка эгерде талибдер Кабул шаарын басып алышса, Американын элчилигине зыян келтирбөөнү суранат. «New York Times» басылмасы жарыялаган маалымат боюнча, бул үчүн болочокто жардам көрсөтүү сунушу айтылышы мүмкүн.

Маалым болдгондой, «Талибан» Афганистанда бийлигин чыңдап жатканда Американын Мамлекеттик департаменти Кабулдагы элчиликтеги кызматкелердин санын кыскартууну активдүү талкууга алууда.

Маселени чечүүнүн бир жолу — элчиликти Кабул аэропортунун аймагына көчүрүү болушу мүмкүн.

Учурда АКШнын Афганистандагы элчилигинде 1400 адам эмгектенет.

Белгилей кетсек, «Рейтер» маалыматы боюнча, Улуу Британия дагы элчилигиндеги кызматкерлерди башка жайга көчүрүүнү пландап турат.

Азыркы күндө талибанчылардын алды Кабул шаарынан 150 км аралыкта турат.

Булак: NazarNews.кg

Последние новости