www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия же Кытай менен түздөн-түз согуштук кагылышуу болгон учурда, АКШнын жогорку тактыкта буталарды жок кыла алчу куралдарынын кору бир нече күндө эле, ал тургай бир канча саатта түгөнүп калышы мүмкүндүгүн The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.

Отставкадагы генерал Жозеф Вотел басылмага: «Кансыз согушта биз жеңишке жеткен, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бизге кызмат кылган аскердик-өнөр жай базасы бизге Кытайды жеңүүгө жардам бербейт», - деп билдирди. 

Материалдын авторлору Орусиянын Украинадагы атайын операциясы Батыштын коргонуу өнөр жайынын потенциалында жана уюштуруусунда чоң кемчиликтерди аныктаганын белгилешет. 

Алардын корутундусуна ылайык, АКШ жана анын союздаштары Тынч океандагы узакка созулган согушка да, Европадагы узакка созулган чыр-чатакка да даяр эмес. Анткени, НАТОнун Аскердик комитетинин башчысы адмирал Роб Бауэр айткандай, "ар бир согуш болжол менен беш-алты күндөн кийин логистикалык болуп калат..."

Булак: NazarNews.kg

Последние новости