www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлиги АКШнын Индиана штатында кыргызстандык жарандын катыштыгы бар жол кырсыгы тууралуу маалымат таратты.
Кырсык 3-февралда болгон. Трактын 30 жаштагы айдоочусу Бекжан Бейшекеев каршы тилкеге чыгып, кичи автобус менен кагышканы айтылат. Натыйжада төрт киши көз жумган. Мындан тышкары, кыргызстандыктын АКШга мыйзамсыз кирип, Пенсильвания штатынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк алганы белгиленген. Fox News басылмасы кыргызстандык айдоочу учурда камакта экенин билдирди.
ТИМдин айтымында, учурда өлкөнүн АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактап жатканын белгиледи.