www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги бир жыл ичинде үч жана андан көп жолу жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшыра турганын эскертти. Бул тууралуу мыйзамга өзгөртүү кирип, Укук бузуулар кодексине жаңы талап кошулган. 

Ага ылайык, министрлик айдоочуну кайра сынак тапшырууга милдеттендирүүчү бир катар укук бузууларды аныктаган:

- Унааны мамлекеттик номуру жок айдап жүрүү,
- Унааны токтотуу жөнүндө талаптарды аткарбоо,
- Ылдамдыкты коюлган чектен 40 км/сааттан жана 60 км/сааттан ашыруу,
- “Тез жардам”, өрт өчүрүүчү унаа, коопсуздук кызматтарынын жана башка атайын жарык  берүүчү жана үн чыгаруучу техникага жол бошотпоо,
- Алдыдагы унааны каршы тилкеге чыгып озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу,
- Жолдун же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу,
- Жол эрежесин бузуу менен адамдын ден соолугуна зыян келтирүү,
- Мас адамга же айдоого укугу жок адамга унаасын айдатуу.

Соңку учурда Кыргызстанда айдоочулардын жол эрежесин билүүсү жана талаптарды сакташы боюнча талкуу күчөдү.

Последние новости