www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык кинорежиссер Фрэнк Чи Кыргызстандын бардык аймактарынан келген, чыгармачылыгын жаңы гана баштап жаткан 20 кинорежиссер үчүн төрт күндүк семинар өткөрдү.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, семинардын катышуучулары өз коомчулугундагы экологиялык өзгөрүүлөр жөнүндө кызыктуу социалдык медиа контентин түзүү боюнча документалдык тасма тартуу ыкмаларын үйрөнө алышкан.

Семинардын жүрүшүндө командаларга бөлүнгөн катышуучулар кыска видеолорду жаратып, окуяны түзүү, баяндоо ыкмалары, смартфонго тартуу, монтаждоо жана боюнча практикалык тажрыйбаларга ээ болушту. Чи мырзадан жана АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу эң мыкты тасмаларды тандап алышты.

«Биз катышуучуларга аудиторияны тартуу жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу алар үчүн эң маанилүү болгон темаларга келгенде өз оюн билдирүү ыкмаларын бергенибиз абдан маанилүү. Бул тренингдин негизги мааниси мына ушунда», – деген өз сөзүндө Фрэнк Чи.

Фрэнк Чи – искусство, саясат жана маданияттын кесилишинде иштеген америкалык режиссер, сүрөтчү жана креативдүү директор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости