www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда парламенттик шайлоо башталды

Бүгүн, 1-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Ирандын бардык провинцияларында Эксперттер кеңешинин жана Мажлистин (бир палаталуу парламент) мүчөлөрүнө добуш берүү башталды. Бул тууралуу Ирандын шайлоо штабы билдирди.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин 10 саатка созулат. Бирок шайлоо штабынын басма сөз катчысы Мохсин Исламинин айтымында, зарыл болсо добуш берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

"Быйыл 60 миллионго жакын ирандык добуш берүү укугуна ээ жана бул укуктан пайдалануу үчүн шайлоочу өздүгүн тастыктаган беш документтин бирин көрсөтүшү керек", - деди басма сөз катчы.

Дүйнөлүк банктын 2022-жылдагы маалыматына ылайык, Иранда 88 миллиондон ашык адам жашайт.

Белгиленгендей, Иранда Эксперттер кеңешине шайлоо 8 жылда бир өткөрүлөт. Быйыл Конституцияны сактоочулар кеңеши (парламенттин үстүндөгү дин өкүлдөрүнөн турган орган) ар бир талапкердин керектүү шарттарга жооп бергендигин аныктоо үчүн 500дөн ашык арызды карап чыгып, 144 талапкерге гана шайлоого катышууга уруксат берген. Межлиске шайлоого 14 миң 912 талапкер катышууга уруксат берилген, бул жалпы арыздардын 73% түзгөн. Ошентип парламентте бир орун үчүн 51 адам күрөшөт.

Өлкө боюнча шайлоонун коопсуздук чараларына 190 миңдей аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылат. Ирандын куралдуу күчтөрүнүн тик учактары өлкөнүн алыскы аймактарынан урналарды алып келүүдө. Ошондой эле, улуттук коопсуздукту камсыз кылуучу бардык кызматтар, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуучу кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Маалымат үчүн айта кетсек, Эксперттер кеңеши Иранда 88 белгилүү диний аалымдан турган мамлекеттик орган болуп саналат. Анын негизги милдети – өлкөнүн жогорку жана руханий лидерин шайлоо. Кошумчалай кетсек, анын милдеттерине конституцияга өзгөртүү киргизүү жана конституцияда каралган учурларда Ирандын лидеринин кызматтан кетүүсүн чечүү кирет.

Межлис 290 депутаттан турат. Өлкөнүн конституциясында саясий, географиялык жана башка факторлорду эске алуу менен парламенттин мүчөлөрүнүн санын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралган – депутаттардын саны ар бир 10 жылда 20 адамга көбөйүшү мүмкүн. Парламенттеги беш орун диний азчылыктарга бөлүнгөн: ассириялык христиандар менен халдейлер биргелешип бир депутатты, армян христиандары экиден, жөөттөр менен зороастриялыктар бир депутатты шайлашат. Парламенттин ыйгарым мөөнөтү төрт жыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости