www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Деңиздеги аскер күчтөрүнүн мурдагы чалгынчысы, аскердик аналитик Скотт Риттер Америка элинин атынан атайын операцияда жакындарынан айрылган россиялыктардан Вашингтондун Украинада согуш отун жакканы үчүн кечирим сурады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Мен америкалык жаран катары силерге жасагандарыбыз үчүн кечирим сурайм. Бул азаптуу нерсе. Америка эли өзүнүн бийлигине Орусияга зыянын тийгизгенге мүмкүнчүлүк берип койду. Жакынын жоготкон ар бир эне, ар бир жар, ар бир кыз же уул бизди кечирет деген үмүттөмүн. Бизди кечирип койгулачы. Туура эмес кылдык", — деген Риттер "Орусия сегодня" медиатобунун маалымат борборунда өткөн маалымат жыйынында.

Аналитик "АКШ себепкер" болгон согуш "алып келген курмандыктардан" улам украиналыктардан да кечирим сураган.

Орусия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.

Ал атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Орусиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген. Путиндин айтымында, Орусия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылган, бирок алданып, кысымга жана опузалоого тушугуп келген. Ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, барган сайын Орусиянын чек арасына жакындай берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости