www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын биринчи астронавты космоско учту

Америкалык жеке менчик "SpaceX" компаниясы "Crew Dragon" кемесин Түркиянын жараны болгон туристтерден турган экипаж менен биринчи жолу Эл аралык космос станциясына учурду. Бул тууралуу SpaceX басма сөз кызматы билдирди.

"Crew Dragon НАСАнын Флоридадагы Кеннеди космостук борборунан Falcon 9 ракетасы менен кечээ, 18-январда саат 16:49да учурулду", — деп айтылат маалыматта.

Учуу үчүн ар бири 50 миллион евро төлөгөн туристтер эки жумадай космосто болушат.

Экипаж төрт кишиден турат - НАСАнын мурдагы астронавты Майкл Лопес-Алегрия (кеме командири), италиялык аба күчтөрүнүн полковниги Вальтер Вилладей, Швециянын жараны Маркус Вант жана түрк аба күчтөрүнүн учкучу Алпер Гезеравжы. Муну менен Гезеравжы Түркиянын тарыхындагы биринчи астронавт болду.

"Орбиталык лабораторияда болуу учурунда экипаж адамдын физиологиясына жана өнөр жайдагы технологиялык жетишкендиктерге арналган 30дан ашык илимий эксперименттерди өткөрөт", - деп белгиледи SpaceX.

Кораблди Эл аралык космос станциясы менен байланыштыруу 20-январга белгиленген.

Маалымат үчүн, бул жеке космостук компаниялардын Эл аралык космос станциясына жасаган үчүнчү экспедициясы гана. SpaceX 2021-жылдын сентябрында бортунда кесипкөй эмес астронавттар менен биринчи космос кемесин учурган. Ошол учурда бортто төрт адам болгон: алар Crew Dragon кемеси менен Жердин орбитасына чыгышкан, ал жерде үч күн бою илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости