www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык диджей жана продюсер Эрик Морилло көз жумду. Анын денеси Майами-Бич шаарындагы үйүнөн табылганын жергиликтүү WPLG телеканалы полицияга таянып 1-сентябрда кабарлады.

Эрик Мориллонун  "I like to move it"  ыры токсонунчу жылдары популярдуу болгон. Эл бул ырды сүйүп, азыркыга чейин эргип угушат.

Азырынча окуя тууралуу ачык маалымат жок. Күбөлөрдүн айтымында, полиция далил зат катары бир канча мүшөктө буюмдарды алып кеткен.

49 жашында көз жумган артисттин жогоруда аталган ыры убагында хит-параддарда алдыңкы орундардан түшпөй турган.

Эрик Морилло быйыл августтун башында зордуктоого шек саналып кармалып, күрөөнүн эсебинен бошотулган. 4-сентябрда алгачкы сот отуруму болмок.

Морилло "DJ Awards" сыйлыгына алты жолу татыктуу болгон. Үч жолу "Эң мыкты эл аралык диджей", үч жолу "Мыкты диджей" наамына ээ болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости