www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги кезинде депутат, министр болгон Камила Талиева эжебиздин эгемендик тууралуу пикирин уктук

-Камила эже, Кыргызстандын эгемендикке ээ болгон күнү да келип, салтанаттуу майрамдалды.  Көз карандысыздыктын баркын баасын билип, эгемендикти аздектей алдыкпы?

- Эгемендик алганыбызга чейрек кылымдан ашуун убакыт болду. Билгенге бир топ эле мезгилди өз ичине камтыган жылдар болду, оңой жылдар болгон жок. Бирок, ошол көз карандысыздыгыбызды, улуу бактыбыздын маани- маңызын, мазмунун, баркын биле алдыкпы, аздектей алдыкпы? Маселе ошондо. Албетте, элдин эркиндигинен зор, кымбат эч нерсе жок. Бул эркиндик үчүн эчен өмүрлөр кыйылган, эчендеген ата- бабалардын каны төгүлгөн. Бу күнгө жетүү үчүн тарыхтын не деген формацияларын басып өттүк. Эгемендик алган жылдардан бери тапканыбыз да көп, жоготконубуз да арбын болду. Кыргызда айтат “ жаман айтпай, жакшы жок” дегендей, бүгүн өзүбүздү сын көз менен карап, улут катары калыптана алдыкпы, албасак, бизге ким жолтоо болуп жатат деген суроо жаралат.

Эмне эле артты карап кылчактай беребиз? Эсил кеткен СССРди эңсегендер да арбын, эгемендигиңдин кереги жок, мурунку жашоо эле сонун болчу, деп айткан улуу муун да бар.
Эгемендик алган жылдардан бери көздөй эле жол издеп келебиз, өнүгүү жолун, таппай келебиз, ачыгын айтканда изденүү жолундабыз, бул жакшы. Элдин жашоо шарты, материалдык жактан тыңыганы жакшы дечи. Бирок, жалпы элдик кулк- мүнөз, психология, улуттук мүнөз калыптануу жолунда бир канча татаал, тайгак жолдо баратканы, эртең келечеги кандай болот, өсүү , өнүгүү болобу, бул оор маселе...

Кептин кыскасы, көптү таптык, көптү жоготтук, телчигип, изденүү жолундабыз! Оптимист бололу, келечекте жол, багыт табылат, буюрса...
Улуу майрам элибизге кут болсун! Элдин алтын башы аман болсун! Түгөл бололу!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости