www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ коргоо министри Ллойд Остин 21-мартта Ооганстанга мурда жарыяланбаган иш сапар менен барды.
Президент Джо Байден өткөн аптадагы интервьюсунда Ооганстандагы аскерлерди 1-майга чейин чыгарып кетүү кыйын болоорун айткан.
Сөз болгон мөөнөт былтыр мурдагы президент Доналд Трамртын бийлиги менен Ооганстандагы талиптер кыймылынын өкүлдөрүнүн ортосунда макулдашылган.
Быйыл январда бийликке келген президент Джо Байден бул мөөнөт бир нече убакытка создугушу ыктымал деп айтты. NBC News каналы эки башка булакка шилтеме жасап, Байден АКШ аскерлеринин мындагы бөлүгүн ноябрга чейин кармап турууну караштырып жатканын маалымдады.
Жекшембиде (21-мартта) ооган мамлекет башчысы Ашраф Гани менен сүйлөшүүдөн кийин Остин америкалык жоокерлерди чыгаруу мөөнөтү тууралуу пикир айтуудан баш тартып, бул маселени президент Байден чече тургандыгын билдирди.
19-мартта талиптер кыймылынын жетекчилери эгерде расмий Вашингтон аскерлерин мурда белгиленген убакытта чыгарып кетпесе, анда бул - келишимди бузуу болуп сана тургандыгын жана мындай кадамга карата тийешелүү жооп болоорун эскертти.
Ал эми Кабул өкмөтү болсо талиптерди өз ара тынчтык сүйлөшүүлөр башталган былтыркы сентябрдан бери кан төгүүнү токтотуу үчүн иш жүзүндө өтө аз далаалат кылып жатат деп айыптап келет.
Ооган өкмөтү жана талиптер кыймылы өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү тууралуу 18-мартта Москвада өткөн жыйында макулдашкан. Бул тууралуу Ооганстандын улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла орусиялык маалымат каражаттарына билдирген. Москвадагы жыйында кандайдыр-бир документке кол коюлган эмес.
Жакында Джл Байдендин өкмөтү Ооганстан өкмөтү менен талиптердин ортосунда Түркияда апрелде сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу БУУнун колдоосу менен өтө турган бул жолугушуу Стамбул шаарында болот деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg