www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Москвадагы элчилиги 12-майдан тартып консулдук кызмат көрсөтүүнү азайтат. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын элчилиги маалымат таратты. Ага ылайык, бул мөөнөттөн тарта дипломатиялык иш-чаралардан башка туристтик жана иш визаларын берүү токтотулмакчы. Мындай чарага Москванын талабы менен АКШнын консулдук кызматынын персоналынын 75 пайызга кыскарганы себеп болду.

23-апрелде орус бийлиги АКШнын дипмиссиясына чет өлкөлүк жарандарды кызмат алууга тыюу салган.

"Биз Орусиянын өкмөтү консулдуктун кызматкерлеринин саны кыскартууга мажбур кылганын өкүнүчтөбүз", -деп айтылат АКШнын элчилигинин билдирүүсүндө.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин "дос эмес өлкөлөр" деп таанылган мамлекеттердин элчиликтерине кызматкерлерди алууну чектеген мыйзамга кол койгон. Мындай өлкөлөрдүн тизмесин орус өкмөтү аныктамакчы.

2016-жылдын соңунан тарта эле Орусия менен АКШ өз дипмиссияларынын санын кыскартып келе жатат.

2017-жылы орус жарандары Кошмо Штаттарга виза алуусу кыскарган. Мурун Санкт-Петербург, Екатеринбург, Владивостокто виза алып келсе, учурда Москвадан гана ала алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости