www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыркагандардын 14ү Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. NazarNews маалымат агенттиги жаракат алган аскерлер жана жай тургундардын абалы менен таанышып чыкты.

Кайрат Сардаров Баткен облусуна караштуу Кызыл-Жол айылынын тургуну. 23 жашта. 8 жеринен жаракат алган жаран кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын кантип башталганы тууралуу айтып берди.

--Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал көп жылдан бери чечилбей келген суу маселесинен улам келип чыкты. “Головной” суу бөлүштүрүү жайына тажиктер камера орноткон, ага каршы болгон кыргыздар аны алып салууга барганда эки тараптын таш атышмайы башталып, ошол учурда тажик тарап ок ата баштады. Тажик тарап ок чыгаргандан кийин анан кыргыздар ата баштады. Тажик тарап башында эле миномёт менен атып баштаган. Эки тараптын атышуусунан карапайым эл качып, ошол жерде 15-20 адам каза болуп калды. Мен сегиз жеримен жараат алдым.

Тажик тараптын минометунан минимум 5 адам каза болуп жатты. Айланабыз тоо болгон үчүн 2 сааттай эч жакка кача албай туруп калдык. Ал жердеги жөнөкөй жарандын унаасы менен жарадар болгондорду Баткенге жеткиришти. Ошол маалда деле ок атышуу болуп жатты.

Ал эми Бишкекке эртең мененки саат 6ларда келдик. Ак-Сай, Достук, Головной, Көк-Таш, Лейлек, Арка деген жерлерде ар кандай абал болду. Биздин чек арачылар ок атпай жатты, жергиликтүү жарандар мергенчи курал менен атып жатышып, акыры курал колдонгонго уруксат алышты окшойт.

Негизи бизге мындай маалымат бир күн мурда келген. Вотсап группалар аркылуу намыска тие турган видеолорду таратып жатышкан. Биз топтолуп Көк-Ташка барсак, ал жака мергенчилер чогулуптур, бизди “Головной” суу бөлүштүрүү жайына жиберишти. Ал жерде 300дөн ашык тажик жарандары куралчан болуп чогулуп турушкан экен.

Эске сала кетсек, эртең менен Баткен облусунан Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна 26 жаран жаткырылган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Баткен жана Лейлек райондорунда кеминде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл жана май куюучу 27 бекет толук өрттөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости