www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айзаданын өлүмү: Тергөө аяктап, иш сотко өттү

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө иши жыйынтыкталып, материалдар бүгүн, 30-апрелде Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек ШИИББдин басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди.

Анын айтымында, Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) жана 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аталган факттар бир сотко чейинки өндүрүш ишине бириктирилген.

«Бирок З.Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Айзаданы уурдоо фактысы боюнча 4 шектүү кармалган, алар учурда камакта. Ошондуктан сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 175-беренесинен (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) 170-беренесине өзгөртүлдү», - деди Жумаков.

Айзаданы уурдоого шектелип кармалган 4 адам: 1995-жылы туулган Т.К., 1992-жылы туулган Р.А., 1989 жылы туулган Р.З. жана 1991-жылы туулган Н.О.. Алар СИЗО-1 жайына камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости