www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Робот-өлтүрүүчүлөр – мындан ары илимий фантастика эмес. Жасалма интеллектке ээ, бутаны өзү тандай турган учкучсуз учактар, автомат замбиректер эл аралык укуктарга шайкеш келбейт”, - деп билдирди укук коргоочулар.

Amnesty International мындай билдирүүнү автономдуу учуучу системалар боюнча БУУнун камкордугу алдында өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн алдында таратты. Отурум 27-августта Женевада башталды. Сүйлөшүүлөргө 75 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Жакынкы жылдары бутаны тандап, аларды жок кылуу боюнча өзү чечим кабыл алган, толугу менен өзүн өзү башкара турган жаңы роботтор пайда болор-болбосу ушул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан көз каранды. Укук коргоочулар бул мыйзамсыз киши өлтүрүүлөргө жана адам укуктарынын бузулушуна алып келиши ыктымал деп кооптонушууда.

Amnesty International бул сыяктуу автономдуу системаларды колдонууда адам укуктарын камыздоо үчүн милдеттүү юридикалык стандарттарды иштеп чыгууга чакырды.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости