www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 29-мартта адам укуктарынын абалына байланыштуу кезектеги баяндамасын жарыялады Анда Тажикстан бийлиги оппозиция жана бийликти сындагандарга карата репрессиялык мамилесин токтотпогону, саясий себептерден улам узак мөөнөткө түрмөгө кесүү тажырыйбасы уланып жатканы айтылат.
Тажик бийлиги чет өлкөлөрдөгү оппоненттерин да куугунтукка алып, аларды кайтарып алуунун үстүндө активдүү иш алып барат.
Тажикстан Интерпол линиясы аркылуу “Группа-24” тобунун жетекчисинин орун басары Саади Рахматовго издөө жарыялаганына байланыштуу ал Грекия түрмөсүндө эки ай жатып, быйыл 13-январда боштондукка чыккан. Тажикстанда ал “жалданмачыларга көмөк көрсөтүүгө” айыпталууда жана 15 жылдык түрмө жазасы күтүп турат.
Москвадагы Тажик борборунун төрагасы жана көз карандысыз адвокат Иззат Амон күч менен Тажикстанга кайтарылып, алдамчылык айыбы менен он жылга соттолду. Акыркы он жылдан бери Орусияда жашап, 2021-жылы февралда иш сапар менен Тажикстанга келген “Ислам кайра жаралуу” партиясынын мурдагы мүчөсү Мирзо Хожимухаммада 1-июнда “тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишине катышуу” айыбы менен беш жылга эркинен ажыратылды.
Булак: NazarNews.kg