www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Абалдан чыгуу үчүн коррупцияга аралашпаган чынчыл, чечкиндүү, мекенчил профессионал кадрларды кызматка тартыш керек», - деди бүгүн, 31-мартта, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Кубанычбек Кадыров.

- Кубанычбек-агай, казино ачууга караманча каршы экенсиз. Мүмкүн казиносуз деле бюджетти толтура турган сунуштарыңыз бардыр...

- Сунуштарым бар. Ал үчүн эң биринчи ички жана сырткы саясатыбызды жакшы нукка бурушубуз керек. Ошондой эле сырткы жана ички инвесторлордун коопсуздугу үчүн кепилдик беришибиз зарыл.

Мындан тышкары уруксат бере турган документтер эки жумадан ашпаган убакыттын ичинде бүткөрүлө турган кылышыбыз керек.

Эң негизгиси салык, электр энергия, сууга жана башка маселелерден инвесторлорго жок дегенде үч жылга жеңилдиктерди беришибиз шарт.

Ошондой эле туризмди да   жакшы өнүктүрүүнү колго алышыбыз зарыл. Жогорудагы ой-тилек, сунуштарды, максаттарды ишке ашыруу үчүн эң негизгиси коррупцияга аралашпаган таза, чынчыл, акылдуу, сабырдуу, чечкиндүү, мекенчил профессионал кадрларды кызматка тартыш керек.

Ошондой эле мыйзамдар так иштеп, жарандарыбызга жана келген коноктордун коопсуздугуна мамлекетибиз кепилдик бериши зарыл. Туризмди өнүктүрүү үчүн ийкемдүү шарттарды түзүү керек.

Мына кичинекей Хорватия мамлекети үч айдын ичинде эле туристтерден 8 миллиард евро табат. Ал каражат биздин мамлекетибиздин төрт жылдык бюджетин түзөт. Биз да өнүгүүнүн ушундай жолун табышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости