www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Казино ачуу сунушу көптөн бери эле бир топ саясатчылар тарабынан айтылып, талкууланып келе жатат», - деди бүгүн, 31-мартта, NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Абдрахман Маматалиев.
- Абдрахман агай, Акылбек Жапаров казинолорду ачуу зарылдыгын айтыптыр. Ошондой эле «кумарканалар ачылса, Кыргызстандыктар ойнобойт» дептир. Кумарканаларды ачуу бюджетти толтуруу үчүн жасалган аргасыз кадам болуп жатабы?
- Бул сунуш көптөн бери эле бир топ саясатчылар тарабынан айтылып, талкууланып келе жатат. Мындай мыйзамдын долбоору бешинчи жана алтынчы чакырылыштын айрым депутаттары тарабынан даярдалган.
Эгер бул сунуш мыйзам катары киргизилсе, анда коомдук талкууга салып, биздин жарандардын катышуусуна тыюу салган нормалары так, даана жазылып, анын аткаруу механизмдери да иштелип чыгышы керек. Мен жеке өзүм казино ачуу сунушун колдобойм.
Булак: NazarNews.kg