www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көлөмдүү киши кошомат кылса көзгө комсоо көрүнөт экен. «Татыктуулардын татыктуусусуз. Татыктуу иштейт деп ишенем. Бир эле суранычым бар, эми Бакыт Эргешовичке суроолорду бербей эле добушка өтсөк.
Бул киши суроолорду үтүр-точкасына чейин билет. Бул киши билгендей айыл чарбасын, мыйзамды анча-мынча жетекчилер билбейт. Макул десеңиздер, добушка коюп, Бакыт Эргешовичти узатып койсок...» деп каргылданган үнү менен депутат Руслан Жакышов вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевге жагалданды.
Мынчалык жагымпоздонуп, пастыкка түшпөсө деле дайындалмак. Өкүнүчтүү жагы, ушундай бийик трибунадан кошомат кылуунун жогорку үлгүсүн көрсөтүп, коомчулукту бузууга, терс таасир көрсөтүү менен жаман жолго түшүп алды. Келечек муун кимдерден үлгү алат?
Булак: Азия News гезити