www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык  мэриясы 81 кондиционер сатып алуу үчүн 9 миллион сом сарптайт. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов коомчулукка жар салды.

Айтымында, мэриянын имаратына жаңы 81 кондиционер орнотулуп, эски 81 кондиционер алынып салынат. Кондиционерлерди сатып алууга шаардык бюджеттен 9 миллион сом бөлүнгөн.

Тактап айтканда, мээнеткеч мэрия ар бир кондиционерди болжол менен 111 миң 111 сомдон сатып алат. “Супер кж”  сайты Бишкек шаарындагы кондиционер саткан дүкөндөр менен байланышканыбызда, алар Бишкекте кышы - жайы иштей турган эң эле кымбат кондиционер 77 миң сом турарын жазып чыкты. Мамлекеттке мындай зыянкечтердин пайдасы барбы, жеп тередеп иштеп өлкөну өнүктүрүп жибердиби? –деген терс пикирлер социалдык тармактарды күчөдү.

Алсак, Фейсбук колдонуучу, Анарбек Абазбеков, “Просто күйгүзөсүңөр да кишини. Анчалык байманаңар ашып жатса эски кондиционерде эле олтуруп, ошого корогон каражатка Чүй, Жибек-Жолу ж.б. өңдүү чоң көчөлөрдүн тешиктерин терип болсо да жасап койгулачы. Бишкекте унаа айдаш мүмкүн болбой калды. Эртен уялбай унаага салык дейсиңер. Уялсаңар боло. Бул дүйнөдөгү ысыктан кондиционер менен кутуласыңар. А тиги дүйнөдө элди эзгениңер, сол чөнтөккө сологон сомдор, догурунуп атып доляга отурган долларларыңар үчүн тозок отуна күйүп жатканда, 111 миң 111 сом турган кондиционердин жардамы тийбейт. Силердин эски деп чанган кондиционерди жаңыга алмаштыруу үчүн карапайым эл жонуна кетменин көтөрүп, кудайга жалынып, күндүн көзүн карап ар бир түп картошка, пахта, фасоль, күнкараманын түбүнө түнөп, малдын туягын санап, 37 градус ысыкта талаада жүрөт. Ошолордун убалы кимге. Ойлонгулачы! Ойгонгулачы! – деген ачуу пикирин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости