www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги биргелешкен машыгууларына сөзсүз катышат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине ЖККУнун биргелешкен штабынын башчысы Анатолий Сидоров Тажикстанда өтүп жаткан “Чек ара-2022” машыгууларына кыргыз аскерлеринин катышпай калганы тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

«Кийинки машыгууларга [кыргыз аскерлери] сөзсүз катышат», - деди Сидоров.

Анын айтымында, жыл ичинде Кыргызстандын өкүлдөрү бардык даярдыктарга, консультацияларга, кадрдык сүйлөшүүлөргө катышты. «Башкача айтканда, иш-чаралардын бардык комплекси алардын катышуусу менен өткөрүлдү, бирок кырдаал ушундай өнүгүп, алар катышпоо жөнүндө чечим кабыл алышты», - деди ал.

Белгилей кетсек, Тажикстанда 17-октябрда “Чек ара-2022” биргелешкен антитеррордук машыгууларынын активдүү фазасы башталды. Аларга Казакстан, Орусия жана Тажикстан катышты. Кыргызстан ЖККУнун катчылыгына алдын ала маалымат берип, машыгууларга катышкан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости