www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Русланбек Шергазиевич, буга чейин Казакстан менен чек арадан өтүүнү жеңилдетүү боюнча маселе көтөрдүңүз эле, чечилчүдөйбү?
- Өткөндө эл менен жолугушканы барганда шайлоочулар азыктүлүктөрдүн, күйүүчү майлардын кымбаттаганы боюнча маселе коюшту. Солярканын баасы 75-80 сомго чыкты. Ошол эле учурда кошуна Казакстанда солярка эки эсе арзан, 30-40 сом экен. Ошондон улам карапайым калк “кошуналар менен сүйлөшүп, чек араны убактылуу ачып бербейсиңерби?” деп суранышты. Бул боюнча ТИМ, бажы кызматы иш алпарууга тийиш. Же көмүр маселесин алалы.
Азыр 6500-7000ден сатылууда. Эртең кар жааса 10 миң сомго чыгып кетпесине ким кепилдик берет? Ушул маселелер боюнча өкмөткө тапшырма бергенбиз. Алар “Кудай буюрса, көмүрдүн баасын азыр 6 миңге түшүргөнгө аракет кылып жатабыз, болгон көмүрдүн баарын алыскы региондорго ташып баштадык” дешти.
- Баса, Талас–Тараз жолунун курулушу азыр кайсы стадиясында?
- Жол Талас шаарынын аймагы бүткөн жерге барып токтоп калган. Эки жылдан бери эч кандай жылыш жок. Бул гранттын эсебинен салынып жаткан жол экен. Былтыр мен маселе көтөргөндө “2023-24-жылы Казакстандын чек арасына чейин жеткиребиз” деп убада беришкен. Ишке ашарына үмүт бар.
Булак: Азия News гезити