www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок деп басма сөз жыйында ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
Анын айтымында, ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери менен мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзүп турат. Мурда соттолгондордун да эсеби бар.
Журналистер ИИМдин орун басарынан уюшкан кылмыштуу топтор барбы же жокпу деген суроосуна расмий түрдө сот тарабынан таанылган уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жок деп жооп берди. Журналисттер Мирлан Каниметовдон тагыраак жооп алганга аракет кылышты, бирок ал басма сөз жыйынынан чыгып кетүүгө шашкан.
ИИМ министринин орун басарынын бул жообуна социалдык тармактардын колдонуучулары күлүп жатышат. Төмөндө ошолордун айрымдарына орун беребиз.
Булак: NazarNews.kg