www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөк көп учурда кечирет, акыл-эс сейрек учурда гана кечирет, куру намыс болсо эч качан кечирбейт.

(Луи Дюмюр)

Кечире билбегендерди кечиргенге болбойт.

(Фридрих Ницше)

Кечирүү – жакшы адам болуунун эң оңой жолу.

(Юлий Берзин)

Күчтүү адамдар гана кечире алышат.

(Элиза Ожешко)

Кечире билбегендердин күнөөсүн Кудай да кечирбейт.

(Августин)

Кечире бил, ошондо күч-кубатың ого бетер артат.

(Публилий Сир)

Турмуш мени көп жолу кечиргенди, андан да көбүрөөк кечирим сураганды үйрөттү.

(Отто фон Шёнхаузен Бисмарк)

Кечирим – баардык жеңиштерден жогору.

(Иоганн Фридрих Шиллер)

Бакыт – кечиримден башталат.

(Кэсси Комбден)

Сен башкаларды аларды айыктыруу үчүн кечирбейсиң. Өзүңдү айыктыруу үчүн кечиресиң.

(Чак Хиллиг)

Ачуусун басып, адамдарды кечире билгендер – чыныгы даанышмандар.

(Ас-Самарканди)

Кечирим сураган, же өзү кечирген учурда адам кандай керемет!

(Жан Поль)

Мени жамандагандарды кечирүү менен мен дайыма алардан өйдө боло алам.

(Наполеон I Бонопарт)

Жек көрүү кандай азап. Кечирүү кандай бакыт!

(Виктория Токарева)

Душманды кечирсе болот, бирок, чыккынчыны эч качан кечирбеш керек.

(Владимир Рудольфович Соловьев)

Күнөө кылбаган адамга кечиримдин деле кереги жок.

(Омар Хайям)

Ар бир тилдеги эң кооз сөз – бул “мен сени кечирдим” деген сөз.

(Стивен Кинг)

Кечирбей турган күнөөлөр бар, аларды кечирип ийгенде дүйнөдө тең салмактуулук жоголот.

(Борис Акунин)

Эгер биз жапайы турмушта жашагыбыз келбесе, бири-бирибизди кечиргенди үйрөнүүгө тийишпиз.

(Эмиль Золя)

Кыска мезгил кубангың келсе өч ал, өмүр бою кубангың келсе кечир.

(Франц Шуберт)

Кечире билүү – бул Кудай берген улуу касиет.

(Дэн Браун)

Мен кечире албаган кишилерди жек көрөм.

(Фридрих Вильгельм Ницше)

Кечирүү – бул абактагы адамды эркиндикке чыгаруу. Бошоткон соң карасаң ал киши өзүң болуп чыгасың.

(Льюис Бенедикт Смидс)

Биз борукер болуп, бири-бирибизди кечирүүгө тийишпиз. Ансыз аман калышыбыз кыйын.

(Фэнни Флэгг)

Кээде “кечир” деген сөздү айтуу канчалык кыйын...

(Соха Али Кхан)

Эгер сиз кечирбесеңиз өмүр бою курмандык бойдон каласыз.

(Стивен Кови)

Баардык адамдардан өч ала албайсың, бирок, баардыгын кечирсең болот.

(Юрий Зарожный)

Устат Будда мага дайыма “кечирим жашоо тартуулайт” деп айтчу эле. Мен анын айтканына кошулам. Кечирүү кечирим берген кишиге жашоо тартуулайт.

(Дэвид Митчелл)

Кечириш үчүн акыл-эс жана эрк керек, ал эми өч алуу үчүн жек көрүү эле жетиштүү.

(Владимир Леонтьевич Гавеля)

Кээде кечирим сен кечирген адамга караганда сенин өзүңө көбүрөөк жакшылык алып келет.

(Джек Кэнфилд)

Ханыша кечирип, унутуп коюшу мүмкүн, бирок, алданган аял унута да, кечире да албайт.

(Анна Соколова)

Мамат САБЫРОВ

Булак: “Азия Ньюс” гезити

 

 

Последние новости