www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын канцлери Ангела Меркель АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп шайлоодо жеңилгенин мойнуна албаганына өкүнөрүн билдирди. Вашингтондогу окуялар аны ачуулантып, капа кылды.
"Трамп ноябрь айынан бери жеңилгенин мойнуна албаганына өкүнөм. Демократиянын негизги эрежеси - жеңүүчү жана уттургандар бар", - деди Меркел.
6-январда учурдагы президент Дональд Трамптын миңдеген жактоочулары Капитолийдин жанында нааразычылык акцияларын өткөрүп, алардын айрымдары андан соң АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы ырасталчу Конгресстин имаратын басып алышты. Бул кол салуу АКШ Конгрессинин имаратына 1814-жылы англиялык-америкалык согушка Англия басып киргенден кийинки биринчи чабуул. Төңкөрүш аракетинде төрт адам өлүп, 50дөн ашуун демонстранттар жаракат алышты.
Ошентип дүйнө жүзүнө ДЕМОКРАТИЯ деген сөздү колдонуп майда мамлекеттерге акырын чабуул жасаган АМЕРИКАНЫН бети ачылып, шермендеси чыкты.
Булак: NazarNews.kg