www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Айыл чарба тармагындагы коррупцияны түп-тамыры менен жойбосок, экономика өнүкпөйт», - дейт Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтты.

«Өлкөгө сырттан келген товарлардан түшкөн каражаттын 2 млрд сомго жакыны бюджетке түшпөй келет. Анткени, ошол эле ун тармагында өздөрүнүн чоң схемасы бар экен.

Биз жакында эле коррупция боюнча бир гана Райымбек Матраимовдон 2 млрд сом өндүрүп алдык. Башка коррупцияга белчесинен баткандар дагы деле жоопко тартылбай келет.

Ал эми айыл чарба тармагынын өзүнөн эле коррупция боюнча жылына 2 млрд сомду бюджетке төктүртсөк болот. Кандай болгон күндө да бул маселени аягына чыгарабыз. Алдыда дагы көптөгөн иштердин бети ачылат», - деди Токтогазиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости