www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РОССИЯ: «АКШ силерге бул кайтар дүйнө!»

Түстүү революция Америка Кошмо Штаттарына кайтып келе жатат. Бул кайтар дүйнө. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий Вашингтондогу башаламандыктар боюнча билдирүүсүндө билдирди.

«Вашингтондо болгон окуя Америка коомунун бөлүнүп-жарылуусунун натыйжасы болду. Конгресстеги добуштардын расмий ырасталышын токтоткон Капитолийдеги баш аламандык, албетте, бийликти демократиялык жол менен өткөрүп берүү процессине көлөкө түшүрүп жатат.

Түстүү революциянын бумерангы Америка Кошмо Штаттарына кайтып келе жатат, биз байкагандай. Мунун бардыгы жаңы кылымда Американын башкаруу тутумун кризиске алып келүү коркунучун туудурат», - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, АКШ мындан ары башка өлкөлөргө карата шайлоо стандарттарын колдоно албайт жана «демократиянын жарчысы» боло албайт дейт.

6-январда учурдагы президент Дональд Трамптын тарапкерлери Капитолийди басып алышты. Натыйжада, 4 адам өлтүрүлүп, 50дөн ашуун демонстрант камакка алынды.

Кырдаал курчуп баратканда Трамп өз тарапкерлерин мыйзамды бузбоого, тескерисинче, тынчтыкты сактоого чакырды. Ошол эле учурда, Конгресстин айланасындагы кырдаал бир топ тынчып, полиция аймакты курчоого алды. Дональд Трамптын дээрлик бардык тарапташтары тарап кетишти.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости