www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ангела Меркель Украинага эмне себептен барды?

Германиянын канцлери Ангела Меркель бүгүн, 22-августта Украинага бир күндүк расмий сапары менен барды.

Расмий сапардын алкагында Меркель өлкө президенти Владимир Зеленский жана өкмөт башчы Денис Шмыгаль менен жолугушуу өткөрөт.

Зеленский менен Меркелдин сүйлөшүүсү 3 саатка жакын убакытка созулары айтылууда. Анда эки тараптуу алака, Украинадага реформалар, Минск макулдашууларынын аткарылышы жана башка маселелер талкууланат. Зеленский Меркелге Украинанын мамлекеттик жогорку сыйлыгы – Эркиндик орденин тапшырат.

Жолугушуудан соң Зеленский менен Меркель маалымат жыйын өткөрөт. Андан кийин Германиянын канцлери Денис Шмыгаль менен жолугушат.

Бүгүн кечинде Меркель Берлинге учуп кетет.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости