www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын канцлери кызматында 2005-жылдан бери иштеген Ангела Меркелдин ыйгарым укуктары расмий түрдө жыйынтыкталды. Бирок шайланган парламент өкмөттүн курамын аныктаганга чейин ал канцлердин милдетин аткара берет.
Өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 26-октябрда Меркелге жана анын кабинет мүчөлөрүнө ыйгарым укуктары аяктаганы тууралуу жарлыкты тапшырды.
Германияда парламенттик шайлоо 26-октябрда өткөн. Анда Олаф Шольц жетектеген Социал-демократтар партиясы утуп чыккан. Ангела Меркелдин Христиан-демократтар биримдиги экинчи орунду алган. Жаңы өкмөттү түзүү боюнча Социал-демократтар учурда "Жашылдар" жана Германиянын эркин демократиялык партиясы менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Ангела Меркель саясатка Берлин дубалы кулагандан кийин келген. 2005-жылдын 18-сентябрында Бундестагда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун соңунда ХДС/ХСС блогу жана Социалисттик партия чоң коалициялык келишимге кол койгон. Натыйжада, Бундестагдын көпчүлүк добушу менен 51 жаштагы Ангела Меркель Германиянын федералдык канцлери болуп шайланган. Ошондон бери ал бул кызматта үч мөөнөт иштеди.
Булак: NazarNews.kg