www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Кеңешмени ачууда министрлер кабинетинин башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө өлкөгө COVAX глобалдык демилгелер алкагында 259 миң доза Phizer жана 111,600 доза Sinofarm вакцинасын алып келүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Кеңешмеде учурдагы эпидемиялык абал талкууланып, аймактардагы вакцинациялоо темпи жана билим берүү мекемелериндеги абал тууралуу маалымат угулду. Акылбек Жапаров жарандар арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушуу жүрүшүндө жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин коруна тийиштүү маселелер талкууланып, калктын социалдык жактан аяр катмарына ПЦР-анализдерди акысыз негизде, же жеңилдиктер аркылуу жасоо сунушу каралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости