www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда баанын кымбатташы убактылуу көрүнүшпү? Борбор Азияда башка өлкөлөр сыяктуу эле коронавирустан улам 2020-жылы баанын кымбатташы карапайым калкты шок кылып жибергенин Эл аралык валюта корунун (МВФ) Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин директору Джихад Азур вебинарда (онлайн-кеңешмедк) баса белгиледи.

Бул вебинардын башкы максаты Борбор Азия жана Кавказ аймактарында эртеңи жакшы маанай күн үчүн бүгүн жасалып жаткан иштер боюнча болгон. 2020-жылдан кийин экономика 2,2% кыскарып кеткен. Бирок вакцинациядан улам кайра калыбына келүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бул өлкөлөрдө экономика кичинеден болсо да көтөрүлүп баратат, бул жылы өсүүнүн темпи 3,4% болду.

Коронавирустан тышкары бардыгынын тынчын алган маселе - инфляция. Эң коркунучтуу жагдай азык-түлүккө болгон баанын кымбатташы. Азык-түлүккө болгон баа башкаларга салыштырмалуу тез өсүп жатат. Эл аралык валюта корунун (МВФ) Жакынкы Чыгыш жана Борборк Азия боюнча департаментинин директору Джихад Азурдун пикири боюнча, бул убактылуу көрүнүш. Ылайым анын сөзү чын болуп, азык түлүккө болгон баанын наркы токтосо экен.

Инфляция боюнча кеп кылып кылдык, Улуттук банкты Толкунбек Абдыгулов жетектеген мезгилде ооздуктамыш болуп турган, Кубанычбек Бөкөнтаев келгени эмне өзгөрүүлөр болду? Улуттук банктын жаңы төрагасы Бөкөнтаев мурда орун басар болуп иштеп турган чакта өлкө - былык акчаны адалдаган кир жуучу машинага айланган. Бул ой - аны бул кызматка сунуштаганда депутаттар тарабынан айтылган. 

Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-2010-жылдары УБ төрагасынын банктарды көзөмөлдөө боюнча орун басары болуп иштеген. Ал Марат Султановдун көздөй кадры экени белгилүү. Ал Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп турганда эмне иш кылганын эске салып коёлу. Өлкө акча адалдаштырган кир жуучу машинага айланып калган. Ошол кезде өлкөнүн аброю мышык ыйлаарлык эле.

Бөкөнтаев "АзияУниверсалБанк" менен "Ысык-Көл инвест банкы" боюнча кылмыш иштерине тиешеси бар деп шектелген. Анын  убагында көптөгөн банк жалган жерден банкрот болгон. Ошол мезгилде Өмүрбек Бабанов «Кыргызстан» банкын алдым-жуттумдук менен басып алган. Учурунда Бөкөнтаев кызматтан алынып, ага кылмыш иши козголгон, бирок кийин соттун чечими жокко чыгарылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости