www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-октябрга, карата «Империя пиццы» кафесиндеги тамак-аштан ууланып, Бишкек жана Чүй облусундагы саламаттык сактоо мекемелерине жардам сурап кайрылгандардын саны 300 адамга жетти. Бул тууралуу борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди. Жабырлангандардын абалы канааттандыраарлык.
Бишкек шаарындагы «Империя пиццы» кафелери эпидемиологиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин жабылды.
Андан тышкары, Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери бардык тамактануучу жайларды текшермей болду.
Булак: NazarNews.kg